Бүгүн, 22-сентябрда ЖКнын мурунку депутаты, саясатчы Өмүрбек Текебаев жакындарын жана тарапташтарын чогултуп түлөө өткөрдү. Анын абактан бошотулушуна арналган иш-чара Бишкектеги ресторандардын биринде өттү.
29-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи, мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган болчу.
Текебаев 2017-жылы 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.
Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу.