• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Текебаев: Чоноевага окшогон жактоочулардын залакасы башкаларга тийбеш керек

4 Жетинин айы 2019 18:02 Бишкек Govori.TV

Чоноевага окшогон жактоочулардын айынан биз 2 жыл камакта отуруп чыктык. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Ленин райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мамлекет дайындап берген адвокат Элмира Чоноеванын арызы каралып жаткан учурда айтты.

Анын айтымында, Чоноева жогору жактын талабын аткарган.

Жабырлануучу мамлекет дайындаган жактоочудан баш тартып коё алат. Ал эми баш тарткан учурда жактоочу соттук отурумдун чыгып кетүүсү керек. Чоноева мени камакка мыйзамсыз каматып жиберүү аракети үчүн жоопко тартылышын талап кылам жана ошондой эле анын жазган арызын канааттандырбоону суранам,-деп билдирди Текебаев.

Кошумчалай кетсек, соттук отурум үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрына жылды.

Эске салсак, Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин иши шаардык сотто каралып жатканда анын ооруп калган жактоочуларынын ордуна кирген адвокат Элмира Чоноеванын лицензиясын эки жылга токтоткон.

Количество просмотров: 560