• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Текебаев: Мамлекеттен компенсация талап кылбайм

13 Чын куран 2021 17:06 Бишкек Govori.TV

Саястачы Өмүрбек Текебаев мамлекеттен компенсация талап кылбайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде билдирди.

Текебаев экономиканын учурдагы абалын эске алуу менен ушундай чечимге келгенин айтты.

«Төрт жыл түрмөдө отурдук, ошол аралыктагы айлык, моралдык компенсация жана башка маселелер боюнча эсептесем 4 миллион сом болот экен. Бирок мен андан баш тартам. Бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат», — деди Текебаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов соттун чечими менен толук акталды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарды.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы “Мегаком” иши” боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого райондук сотко жиберген.

Количество просмотров: 160