Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды.
Бүгүн соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктады. Ошого байланыштуу судья узартуу маселесин карап, соттолуучулардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартты.
Соттук отурум 9-январга жылды.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.