• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Текебаев менен Чотоновду Роза Отунбаева тосуп алды

29 Баш оона 201917:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Саясатчыларды сот залынан бошотулду.

Алар сыртка чыгып аларды күтүп жаткан тарапташтары менен учурашкан соң «Ата Мекендин» штабына жөнөшкөн.

Ал жактан да Текебаев менен Чотоновду тарапташтары, жакындары тосуп алышты. Алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева да бар.

«Бүгүн тарыхый күн. Экөөңөр бактылуусуңар, жоро-жолдошторуңар жаныңарда болушту. Канчалык кыйын болбосун, эки азамат туруп берди»,-деди Отунбаева.

Эске салсак, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 

Количество просмотров: 49