• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев менен Чотоновдун иши: Аида Салянова көрсөтмө берди

13 Жетинин айы 2019 16:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин кароо улантылды.

Сот отуруму судья Айнура Сатарованын жетекчилигинде өтүп жатат.

Процесстин жүрүшүндө мурунку башкы прокурор Аида Салянова суралды. 2010-жылы май айында Юстиция министрлигинде иштеген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2010-жылы 13-майда Леонид Маевский, Алексей Модин, Дүйшөнкул Чотонов жана Таалайбек Маматкеримов Жогорку Кеңештин имаратына келип, Текебаев менен анын №306 иш бөлмөсүндө жолугушуп, «Мегаком» уюлдук операторунун акцияларынын көзөмөлдөгү пакетин сатып алуу үчүн пара беришкен.

Салянованын айтымында, 2010-жылы 13-майда Текебаев алгач венециялык комиссиянын өкүлдөрү менен тегерек столго катышып, андан кийин өкмөт үйүнө кеңешмеге барып, конституциялык кеңешмеге кайтып келип, ал жерде саат 21:00гө чейин болгон.

Жактоочу Талайгүл Токтакунова күбөдөн Текебаевдин иш бөлмөсүн көрүп-көрбөгөнүн тактады. Салянова көргөнүн айтты.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Модин аталган иш бөлмөгө мен жактап жаткан адамга акча алып барганын айтты. Биз сизге азыр тергөө иш-чараларындагы кадрды көрсөтөбүз. Айтсаңыз, бул Текебаевдин иш бөлмөсүбү?», — деп сурады жактоочу.

Салянова бул иш бөлмө Текебаевге таандык эмес экенин айтты. Ал мамлекеттик айыптоочулардын ал күнү конституциялык кеңешмеде кимдер болгону тууралуу суроосуна: «Азыр эсимде жок, бирок Данияр Нарынбаев бар болчу», — деп жооп берди.

Булак: АКИ пресс

Количество просмотров: 2433