• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Текебаев менен Чотоновдун иши бүгүн каралат

29 Баш оона 20199:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин бүгүн Биринчи май райондук соту карайт.

Отурум саат 14:00гө белгиленген. Жактоочулар соттон саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 31