• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Текебаев менен Чотоновдун иши. Соттук отурум жылдырылды

26 Жетинин айы 2019 12:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин Биринчимай райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып жаткан соттук отурум жылдырылды.

Белгилүү болгондой, сот ишти кароону 10-декабрда улантмакчы.

Бүгүнкү отурумга КРнын экс-президенти Роза Отунбаева келди. Ал күбө катары суралып, 2010-жылдын 12-13-майдагы окуя боюнча суроолорго жооп берди.

Эске салсак, Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.

Алар «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.

Количество просмотров: 103