Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып жатат. Соттук отурум жабык өтүүдө.
Белгилүү болгондой соттор чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетишкен.
Отурумга саястачылар да алынып келингени белгилүү.
Эске салсак, 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген.
Эске салсак,Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.