Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштүүлөр улантылды.
Соттук отурумда жактоочулар тарабынан келтирилген «Нур Телеком» компаниясынын кызматкерин адис катары суракка алуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган.
Мындан сырткары, тизме боюнча биринчи күбө суралып, башка күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу соттук жараян ушул жылдын 23-январына, саат 14:00гө жылдырылган.