• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Текебаев менен Чотоновдун соту жылды

25 Кулжа 2020 19:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыпталуучулар Текебаев жана Чотоновдун жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу соттук отурум 1-июлга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 153