• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаев менен Жапаров: Конституция талашы…

19 Жетинин айы 2020 16:34 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип, анын процедураларына токтолду. Ал Баш мыйзамга ылайык өзгөртүү боюнча 80 депутат демилге көтөрө ала турганын тактады.

Өмүрбек Текебаев да Конституцияда Баш мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу тартиби каралбаганын белгилеп, учурдагы мыйзамга өзгөртүү гана киргизүү керектигин айтты.

«Өзгөртүү, түзөтүүлөр аркылуу бүгүнкү Конституция менен жашашыбыз керек. Мыйзам боюнча жашашыбыз керек. Силер эч ким эмессиңер, орусча айтканда “вы никто”. “Вы никто!” “Каалагандай кылып жасай беребиз, мыйзамды буза беребиз” дей турган силер эч ким эмессиңер», — деп айтты Текебаев берүүгө катышкан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевге.

Ал эми бүгүн Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституциянын жаңы долборун талкуулоого активдүү катышууга чакырып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мыйзам долбооруна сын пикирлерди айтып жаткандарга жооп кайтарды.

Ал 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгондугун айтат.

«Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым», — дейт ал.

Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес.

«Өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, кыйкырып чыгып жаткандардын жүзү курусун. Алардын 30 жылдан бери бузукулук кылып жүргөн чыныгы жүздөрүн ача турган убакыт келди», — дейт Садыр Жапаров.

Эске салсак, Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрь кечинде жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен.

Количество просмотров: 5048