Жакында эле үй камагына чыккан «Ата Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев түрмөдө отуруп, Үсөн Сыдыковдорго суктанганын айтты.
«Мен түрмөдө отуруп, 2010-жылы 13-майда төңкөрүш жасады деп камакка алынган Үсөн Сыдыковдорго суктандым. Анткени алардын статьясы «Төңкөрушкө аракет» ал эми менин статьям «Коррупция» болчу. Өмүр бою коррупция менен күрөшүп жүрүп, мен коррупционер боломбу? Эгерде Үсөн Сыдыковдордун статьясын мага берсе, 20 жыл алардын ордуна отуруп чыгууга даяр элем»,- деди Текебаев.