• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Текебаев: Шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушу бюджеттеги каатчылык менен саясий абалга байланыштуу

22 Тогуздун айы 2020 15:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүсү күтүлүүдө. Жыйын алдында депутат Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, депутат Өмүрбек Текебаев демилгечилердин бири. Анын айтымында, шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушу бюджеттеги каатчылык менен саясий абалга байланыштуу.

«Кечээ парламенттик шайлоонун мөөнөтү жарыяланды. Бүгүн бир топ партия шайлоого катыша турганын билдирди. Процесс башталды. Муну эч ким токтото албайт, өзгөртүү киргизилип, мөөнөт жыла турган болсо БШК ишин ага жараша өзгөртүү керек. Президенттик шайлоо 10-январга же 17-январга коюлушу керек. Бирок өкмөт жана башка партиялар тарабынан сунуш түштү. Ал каражат маселеси, эпидемиологиялык абалга байланыштуу», — деди Текебаев.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын БШК кайра нааразычылыктардан улам 6-октябрда жокко чыгарган.

Количество просмотров: 150