• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Текебаев: Шыкмаматовду «Ата-Мекен» партиясынан чыгарбайбыз

27 Бештин айы 2019 16:04 Бишкек Govori.TV

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматовдун фракция лидерлигинен жана партиядан кетиши тууралуу билдирүү жасап, Шыкмаматов буга чейин эле ишин тапшыпышы керек болчу деди.

«Ар бир партиянын ичинде шайлоо алдында өзүлөрүнө гана тиешелүү эрежелери болот. Ар бир аймакка бирден талапкер байлаганбыз. Алган добушуна жараша жигитчилик кылып, бири-бирине жол бошотуп берүү тууралуу кол алышып, кагаз жүзүндө бекемделген. Аны бузуп партиядан кетпей, орун бошотпой койгондор болгон. Сыдыгалиев менен Шыкмаматов Нарында иштешип добуш алып келишкен. Жана экөөнүн келишими болгон, эки жарым жылдан депутат болобуз деген. Мындан бир топ убакыт мурун Шыкмаматов Сыдыгалиевге орун бошотуп бермек. Бирок анын башына мүшкүл иш түшүп, иш козголуп жатканда мандатын алып коюу аны жардан ары түртүүгө барабар эле. Сыдыгалиев да талап кылган эмес, экөө дос. Бир топ оор сүйлөшүүлөр болду, бирок алардан жыйынтык чыкты. Дагы да тоскоолдуктар бар эле, ал-мен. Себеби, мен акталып келсем ал бошоткон мандатты мен алып коймокмун. Ошондуктан мен билдирүү таратып, депутат болбойм дегем. Эми эч кандай тоскоолдуктар калбагандан улам Шыкмаматов мандатын берди. Азырынча ал партиядан чыгуу тууралуу арызын жаза элек, эгер жазса анын «Ата-Мекенден» кетирбейбиз», — деди Текебаев.

Эске салсак, бүгүн партиянын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды жана «Ата-Мекен» партиясынан чыккандыгын да жарыялаган.

Билдирүүгө ылайык, Шыкмаматов өзү да бул маалыматты тастыктап, мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн оор болгонун айткан. Ошондой эле, ал өзүнүн партиядан чыкканын «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу деп түшүндүргөн.

Количество просмотров: 275