• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Текебаев сотко дагы нааразы, ал судья кара ниеттик кылып жатат деп баалады

17 Тогуздун айы 201915:13 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда судья менен пикир келишпестик жаралды.

Текебаевдин айтымында, судья Сатарова Чотонов тууралуу көрсөтмө берүү үчүн атайын Оштон учуп келип, кечинде кайра уча турган ИИМдин экс-полковниги Азат Бектемировду биринчи суроо сунушун укпай койду:

«Судьянын бул кадамын мен адепсиздик жана кара ниеттик менен тоскоолдук кылуу деп баалайм. Муну түшүнүп болбойт. 18 адам мурун да келген, күн сайын келип жатышат. Алардын арасында жумушунан суранып келгендери да бар. Оштон маанилүү күбө сот болуп жатканын угуп өзүнүн эсебинен учуп келди. Ал кетип калсачы?»,-деди Текебаев.

Количество просмотров: 371