• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Текебаев: Соттун чечиминен кийин кубануу сезими болгон жок

13 Чын куран 202117:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов соттун чечими менен толук акталды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарды.

Отурумдан кийин Текебаев журналисттердин суроосуна жооп берип, соттун чечимине көп кубанбагандыгын билдирди.

«Эмнегедир менде да, үй-бүлө мүчөлөрүндө да кубануу сезими болгон жок. Азыркы сезимдерди мен кубануу эмес, жеңилденүү менен чарчоо деп айтар элем. Бүгүнкү чечимден абдан кубанган бир кишини билем, ал апам. Соттук отурум кайсы күнү болорун мен унутуп калсам да, апам унутпай сурап турат. Апам бүгүн эртең менен жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул кабар аны кубандырып, дем берип, айыктырат деп ойлойм. Апа, баары жакшы болот», — деди Текебаев.

Количество просмотров: 329