• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Текебаев: Жаңы парламент келгенге чейин азыркы чакырылыш иштей берет

28 Тогуздун айы 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын Конституцияда белгиленген мөөнөтү аяктады. Буга байланыштуу юристтер бул мөөнөт бүткөндөн кийин алардын укугу токтойт жана иши легитимсиз болуп калат деген пикирлерин айтышууда. Ошол эле учурда жаңы парламент шайланып келгичекти анын эски курамы иштей берет, буга Конституция жол берет дегендер дагы бар. «Депутаттарынын ыйгарым укуктары бүгүн аяктаса депутаттар ишин токтотобу же уланта береби?» деген суроого депутат Текебаев жооп берди.

«Эгер парламенттик шайлоо эрте же кеч өтүп калса, ошого жараша мурунку чакырылыштын депутаттары иштей берет. Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жаңы парламенттин биринчи жыйыны башталганга чейин иштейт»,-деди Текебаев.

Эске салсак, VI чакырылышты эл өкүлдөрү 2015-жылдын 28-октябрында ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен. Мыйзам боюнча Кыргызстанда парламент депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Количество просмотров: 232