Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 23-апрелде «Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чогулду.
Анда катышуучулар соттордун акыйкат чечим кабыл алууларын айтышып, муну менен катар экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алуу талабы айтылды.
Митингде ЖК депутаты Каныбек Иманалиев сүйлөп жатканда, анын сөзүн бөлүүгө аракет кылган провокаторлор да болду.
Саат 16:00дө Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын мурдагы лидери Ө. Текебаевдин ишин карап баштап, бирок, прокурор соттук отурумдун өтүшүнө даяр эместигин билдирди.
15 мүнөткө жетпеген соттук отурумдан соң ишти кароо 3-майга жылдырылды.
Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.