• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаевди түрмөгө отургуздурган Маевский өзү камалды

17 Жетинин айы 2018 4:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.11.2018.Govori.TV.

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москвада камакка алынды.

“Интерфакс” агенттиги тергөөнүн маалыматына жана судьянын айткандарына таянып кабарлагандай, Маевский 2018-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Москвада белгисиз адамдар менен алдын ала келишип алып, жабырлануучулардан кеминде 37,5 миллион доллар талап кылган. Ал мынча каражатты беришпесе, жабырлануучулардын беделине шек келтире турган маалыматты тарата турганын айткан. Бул факт боюнча 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, кийинки күнү Леонид Маевский кармалып, ага айып угузулган.

Москва шаардык сотунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Маевскийге Орусиянын Кылмыш кодексинин “Опузалоо” беренелери менен (163-берене, 3-пункт, п.б. КК РФ) айып тагылып жатат, анын бөгөт чарасы жума күнү каралып, судья Дмитрий Гордеев аны камакка алууну чечкен. Бул берене боюнча айыпталгандар 7ден 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө так ушул Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган.

Количество просмотров: 14