Бишкек. 02.03.2019. Govori.TV
«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши 23-апрелде Жогорку Сотто карала турган болду. Бул тууралуу радиосуна «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.
«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери буга чейин Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу Жогорку Сотко кайрылышкан.
26-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча комитети «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кароого макулдук берген.
Саясатчыга карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.
Булак: «Марал» радиосу