• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Текебаевдин ишин Жогорку сот 16-июлда карайт

19 Кулжа 201919:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Ө. Текебаевдин ишин Жогорку сот 16-июлда кайра карап чыгат. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Буга чейин жактоочулар саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Жогорку cотко кайрылышкан.

Токтакунованын айтымында, Текебаев менен Чотоновдун ишинде жаңы жагдайлар пайда болгон.

«Такталгандай, Леонид Маевский «ВТБ 24» банкындагы өзүнун эсебинен 1 миллион АКШ долларын алган эмес. Буга чейин ал, акчаны эки бөлүп 300 $ жана 700 $ кылып эсебинен алганы айтылган. Бирок, анын жансакчысы Сергей Кутуков эч кандай акча каражатын Текебаевге же Чотоновго бербегенин айтып жана 2010-жылы июлда Бишкек шаарына келбегенин өзү тастыктаган».

Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Количество просмотров: 14