• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук териштирүү жылдырылды

16 Бештин айы 2020 9:27 Бишкек Govori.TV

Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча соттук териштирүү 25-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу активист Темирлан Ормуков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бишкек шаардык сотто Текебаевдин мандаты боюнча апелляциялык иш 25-декабрга жылдырылды. Мен өтүнүч келтирип жылдырттым. Себеби жактоочум жок, өзүм ооруканада элем», — деп жазган ал.

Эске салсак, 15-октябрда БШК Текебаевге депутаттык мандатты кайта кайтарып берүү боюнча чечим чыгарган. Бул чечимди негизсиз деп Темирлан Орумуков эртеси күнү сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун арызын канааттандырып, БШКнын  чечимин жокко чыгарган.

Ал эми Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий деп баалаган. Көп өтпөй, Ормуков административдик соттун чечимине нааразылыгын билдирип, шаардык сотко кайрылган. 4-декабрда ал журналисттерге Текебаевдин мандаты апрель-май айларына чейин алынбай жүрө бериши мүмкүн экенин, административдик сот ишти «туура эмес караганын» билдирген жана кийинки сот анын чечимин жокко чыгарбай, өзгөртүшү керек деген талабын билдирген.

Количество просмотров: 44