• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Текебаевдин ишинен улам лицензиясынан айрылган жактоочу Чоноева сотко кайрылды

4 Жетинин айы 2019 11:24 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мамлекет дайындап берген адвокат Элмира Чоноеванын арызы Ленин райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Govori.TVга  Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Чоноева жакталуучусунун кызыкчылыгына каршы анын каалоосун эске албастан иш алып барган деген бүтүмгө байланыштуу сотко арыз менен кайрылган.

Бүгүн Ленин райондук сотунда Өмүрбек Чиркешовичке мамлекет дайындап берген адвокат Элмира Чоноеванын арызы каралат.  Сотко Өмүрбек Текебаев өзү катышат,-деди Т.Токтакунова.

Эске салсак, Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин иши шаардык сотто каралып жатканда анын ооруп калган жактоочуларынын ордуна кирген адвокат Элмира Чоноеванын лицензиясын эки жылга токтоткон.

Количество просмотров: 122