• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Текебаевдин сотуна Чыныбай Турсунбеков менен Иса Өмуркуловду чакыруу сунушу айтылды

12 Аяк оона 2019 15:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайрадан карап жатат.

Анда жактоочулар соттук отурумга күбө катары бир катар адамдарды чакыруу тууралуу сураныч келтиришкен.

Жактоочунун айтымында сотко ошол кездеги ЖК аппарат жетекчиси — Касмамбетов С; Каптагаев Э.С. — убактылуу өкмөттүн аппарат жеткечиси; Келгенбаев М. — убактылуу өкмөт үйүнүн коменданты; Бакытаев С.Б. — ЖКнын жалпы бөлүм башчысы; Нышанов С. — БНКнын сырткы жетекчиси; Абдрахманов С. — Чуй облусунун губернатору; Сарпашев Т. — Конституциялык кеңешменин мүчөсү; Өмуркулов И. — Бишкектин мэри; Момуналиев Н. — убактылуу өкмөт аппаратынын жетексичинин орун басары; Турсунбеков Ч. — саясий ишмер; Укушев М. — убактылуу өкмөттүн аппаратынын кызматкерин чакыруу керек.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Количество просмотров: 135