• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Текебаевдин тагдыры кандай чечилди?

3 Бугу 201918:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо отуруму болду.

Анда Жогорку сот мурунку соттук чечимдерди күчүндө калтырып, бир гана үй мүлкүнө болгон камакты алып салуу чечимин чыгарды.

Соттун мындай чечими отурумга келгендердин нааразычылыгын жаратты.


Количество просмотров: 22