Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары анын бөгөт чарасын кайрадан кароо тууралуу сотко кайрылышкан. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга анын тарапташтары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Текебаевдин иши Биринчи май райондук сотуна келип кайра кароо үчүн келип түшкөн.
Эске салсак, анын учурдагы саламаттагы тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков маалымат берген.
“Өмүрбек Текебаев бизде жаткандан бери омурткасын дарылап жаттык, омурткасында мурун операция болгон. Омурткалары бошоп калгандыктан, бул киши көпкө тик туруп баса албайт. Аны операция жолу менен бекитүү керек, тилекке каршы, аны жасайлы десек жүрөгүндө көйгөй бар экен. Кан басымы да туруксуз болууда. Биз омурткасын жана жүрөгүн да дарылап жатабыз. Качан жүрөгү жакшы болгондо биз операция кылабыз. Азырынча дарылануусу бизде эле болот”, – деди Жумабеков.
21-августта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун жаңы жагдайларга байланыштуу соттук ишин карап, Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөттү.