Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.
«Мекенчил» партиясы менен «Ата Мекен» партиясы түбөлүк бириккен жок» деп бүгүн, 27-мартта маалымат жыйында «Мекенчил» партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков билдирди.
«Эки партиянын лидерлеринин соттук отурумдары бир күндө болуп жатат. Ошондуктан биригип, 23-апрелде митингге чыгабыз. Садыр Жапаровдун соттук отуруму саат 9:00дө өтсө, Өмүрбек Текебаевдин соттук отуруму 10:00дө болот. Митинг 23-апрелде саат 8:00дө башталат. Мэрияга, Бишкек ШИИББине расмий кайрыла элекпиз. Жакындаганда расмий кат менен кайрылабыз», — дейт Аспеков.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган
Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-апрелге белгиленген.