Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.
Текебаевдин жактоочуларына карата чыккан соттук чечим жокко чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда соттук отурум болуп өттү.
Сот жактоочулардын ходатайствосун канаартандырды жана ишти кайрадан жаңы жагдайлар менен карап чыгуу кабыл алдынды.
Жактоочулардын айтымында башкы прокуратура Атамбаевдин макулдугусуз эле сотко берген. Мындай кадам мыйзамсыз делип, баш прокурор Жолдубаева кызматтык абалынын чегинен чыкканы белгиленди.
Мыйзамга ылайык экс-президент Атамбаев алгач макулдугун берип, андан соң гана жактоочуларды сотко берүү керек. Ал эми Атамбаев макулдугун бербегенин кошумчалашты.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын маалымат жыйында айткан маалымат чындыкка дал келбейт деп Атамбаев сотко кайрылган. Сот жактоочуларды Таалайгуль Токтакунова менен
Канатбек Азиз Атамбаевге 10млн сом төлөп берүүсү керектигин чечкен. Таалайгуль Токтакунованын маянасы менен мүлкү камакка алынган.