• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Текебаевдин жактоочуларынын иши боюнча акыркы соттук чечим чыкты

16 Бугу 2019 10:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгуль Токтакунова менен Канат Азиздин кесилген мүлкүн Атамбаевдин пайдасынан алуу маселеси боюнча соттук отурум өтүп, анда сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып, Атамбаевдин өкүлүнүн суранычын канааттандырган жок. Бул тууралуу юрист Таалайгуль Токтакунова билдирди.

Маалыматка ылайык, Шаардык сот жактоочуларга карата мурунку чыгарылган чечимдердин баарын жокко чыгарып, Токтакунованын кесилген мүлкүн Атамбаевдин пайдасына алуу чечими четке кагылган. Бугу макул болбогон Атамбаевдин расмий өкүлү Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот анын суранычын канааттандырган жок жана жактоочулардан сыртка чыкпоого коюлган чектөө алынып, 10млн сом төлөп берүүсү керек деген чечим да жокко чыкты.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын маалымат жыйында айткан маалымат чындыкка дал келбейт деп Атамбаев сотко кайрылган. Сот жактоочуларды 10млн сом төлөп берүүсү керектигин чечкен. Таалайгуль Токтакунованын маянасы менен мүлкүн камакка алынган. Экинчи жактоочу Канатбек Азиз да Атамбаевге 5 млн.сом төлөп берүүсү керек.


Количество просмотров: 8