Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноо фактыларына шектүү катары 4 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.
Жабыркаган жарандардын арыздарына караганда, белгисиз төрт жаран аларды коркутуу менен алардын буюмдарын, акчасын тартып алып жүргөн. Өзгөн районунун Красный-Маяк айылынын 21 жаштагы К.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 7-сентябрь күнү бейтааныш төрт жаран коркутуп, Айфон 11 үлгүсүндөгү телефонун алып койгондугун билдирген.
Ушундай эле арыз менен Ош шаарынын 21 жаштагы С.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал “бейтааныш адамдар “Редми 11” үлгүсүндөгү телефонумду тартып алды” , -деп билдирген.
Бул кылмыштуу топ Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну О. кызы Чга таандык болгон Айфон 13 үлгүсүндөгү телефонун, 20 жаштагы Т.Мге таандык Айфон ХР үлгүсүндөгү телефонду күч колдонуп тартып алышкандыгы белгилүү болду.
Милиция кызматкерлери тарабынан 4 адамдан турган кылмыштуу топ кармалып, алардын жанынан жарандардан тонолуп алынган телефондор, оюнчук тапанча дагы алынды.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 18 жаштагы З.Ф. аттуу Ош шаарынын тургуну, 18 жаштагы Т.Э. аттуу Чоң-Алай районунун тургуну, 18 жаштагы Ош шаарынын тургуну Т.З., 18 жаштагы О.А. аттуу Ош шаарынын тургуну шектүү катары кармалды. Кылмышка шектелгендер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.