• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Телефонун кубаттагычка сайган киши ток уруп каза болду

31 Бугу 201915:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

Таиландда уктаар алдында телефонун кубаттагычка сайып жаткан кишини ток уруп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Таиланддагы Накхонратчасима шаарында катталган. Маркум өзү жаткан керебеттин баш жагына телефонун кубаттагычка сайып уктап жатканда ток уруп мерт кеткен. Жакындары үйгө кирип, ток урган кишинин колу күйгөн абалда керебетте жатканын көрүшкөн.

Ал эми каза болгон жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Количество просмотров: 17