• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Темирлан Султанбеков БШКга «баарына каршы» деген графаны каттоодон өткөрүү үчүн кайрылат

13 Жетинин айы 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Темирлан Султанбеков БШКга «баарына каршы» деген графаны каттоодон өткөрүү үчүн кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

«Кыргызстандын Конституциясы 35 жаштан баштап президенттикке талапкерлигин коюуга уруксат берет, мен болгону 22 жаштамын. Талапкерликке арыз берип жаткандарды карап чыктым, арасынан күчтүү, эрктүү адамдарды көрө албадым. БШКга «баарына каршы» графасын менин артыман каттоо тууралуу арыз берем. Керек болсо кол топтоп, күрөөсүн төлөөгө даярмын», — деп жазат Султанбеков.

Эске салсак, Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 24кө жеткендигин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин талапкерлигин койгон Бакыт Бакетаев Боршайкомго президенттик шайлоого катышуу максатында тапшырган документтерин кайтарып берүү үчүн кайрылган.

Количество просмотров: 80