«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Султанбеков массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелүүдө.
Буга чейин УКМК Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жан сакчысы Канат Сагынбаев жана УКМКга караштуу мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев кармалганын билдирген.