• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Темировдун иши: Жогорку сот чечимди өзгөртүүсүз калтырды

12 Аяк оона 2023 10:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку сотто иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечиминин мыйзамдуулугу каралып, өзгөртүүсүз калтырылды.

Жактоочу быйыл июль айында Жогорку сотко кассациялык даттануу арызы менен кайрылган.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өтүү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын «Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды» деп түшүндүргөн. Өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

Количество просмотров: 79