29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Замира Тентимишова «Кыйын долбоорунан алган билим менен көп нерсеге жетишем» деген пикири менен бөлүштү.
«Мен ойлогом эми кадимки эле тренингдердин бири болсо керек деп. Бирок ушунчалык деңгээлде, ушундай сонун спикерлер менен өттү. 56 жашыма карабастан бул жерден көп нерсени түшүндүм жана үйрөндүм, көп адам менен тааныштым. Ар бир алган билимимди даро эле жашоодо колдоно баштадым. Жана бул алган билимдеримди башкалар менен бөлүшөм», — деди ал.