• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Теплоходко урунган». Көлдө 2 адам каза болду

25 Теке 2023 13:41 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында теплоходко урунуп жабыркаган үч кишинин экөө каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү Ысык-Көл РИИБне, Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн 3 адам денесинен оор жаракаттарды алып ооруканага түшүп бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп, экөөсү жанадандыруу бөлүмүндө оор абалда жайгаштыргылганы боюнча билдирүү келип түшкөн.

«Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган», -деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда тийштүү соттук медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

Количество просмотров: 186