• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Терек-Сайда алтын кенине бараткан техниканын айдоочусу окко учту

10 Үчтүн айы 2019 12:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.2018.Govori.TV.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен «Чаарат Заав» фирмасына техника алып бара жаткан 25 жаштагы айдоочу окко учуп каза болду. Бул тууралуу ЖМК жазып чыкты.

Окуя 10-январга караган түнү саат 2лер чамасында Терек-Сай айылында болду.

Кенге эки техниканы башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан. Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Жол торогондор менен сүйлөшүп, алар жолун улаган. Кийин 8 чакырымдан соң артынан кууп барып, айдоочуну атып салышкан. Ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калды. Окуяга байланыштуу 4 жергиликтүү тургун кармалган, — деди компаниянын өкүлү.

Сөөк Ала-Бука районуна жеткирилген. Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, учурда каза болгон адамдын денеси өлүкканада сакталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Айдоочу атылып өлтүрүлгөнүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастап, окуя такталып жатканын билдирди.

Чаткалдагы Терек-Сайдагы кендин айланасындагы буга чейинки чырга байланыштуу 15 адам кармалып, 13 үй камагына чыккан. Кылмыш иши козголгон, иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 22