• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы кармалды

11 Тогуздун айы 202414:22 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунда тергөөчүгө 10 миң доллар пара катары сунуштаган айыл башчы кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү тургундар С.Х., Ш.И., Ю.М., И.Х. жана И.Э. жасалма документтердин негизинде ар бири 0,5 га жер тилкелерин үй куруу үчүн алышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты 26-сентябрь күнү каттоого алынып, менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагында жайгашкан айылдардын биринде айыл башчы болуп эмгектенген 59 жаштагы С.Б. аттуу жаран Кара-Суу РИИБнин тергөөчүсүнө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара сунуштаган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

10-октябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан айыл башчы С.Б. тергөөчү кызматкердин иш бөлмөсүндө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара катары берип жаткан учурда шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 301