Мурда соттолгон жаран тергөө иштеринен качып, изин суутуп кетип 3 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин маалымат кызматы билдирди.
Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы тургуну аталган шаардагы базарда «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаасын Кадамжай районунун 39 жаштагы С.Р. аттуу тургуну менен баалашып, акчасын бербей, изин жашырып кеткен.
Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү С.Рге кылмыш иши ачылган. Кылмыш ишинин алкагында Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан мурда сот жообуна тартылган, издөөдө жүргөн 39 жаштагы С.Рнин жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалып тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.