• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Террордук топтун мүчөлөрү кармалды

10 Жалган куран 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террордук уюмунун (ЭТУ) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-мартта адам өлтүрүүгө даярдануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, террордук иш-аракеттерге катышкан Кыргыз жарандары жана чет мамлекеттин жарандарынын бандиттик тобунун ишине бөгөт коюлду.

«Иликтөө учурунда бул топ Сириядагы террордук уюмдардын жетекчилери тарабынан башкарылып турганы, Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды курчутуу, өлкө аймагында согуштук аракеттерди жүргүзүүнү максат кылганы, топтун айрым мүчөлөрү эл аралык террордук уюмдардын катарында чет өлкөлөрдө атайын даярдыктан өтүп келишкени, жасалма жардыргыч заттарды колдонууну пландашканы аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Учурда УКМК кылмыш тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 79