Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономика министринин мурдагы орун басары Арзыбек Кожошев УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү тастыктады.
Экс-министрдин айтымында, УКМКда анын кытайлык ТБЕА компаниясы менен болгон келишимге карата министрдин орун басары катары ошол кезде жазган каршылык каты тууралуу айтып берген.
Эске сала кетсек, аталган иш боюнча Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовдор да күбө катары сурак берип келишкен. Бирок, эки күн мурун Сапар Исаковго “Коррупция” боюнча айыбы угузулган.
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалды
Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, …