• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тез тамактануучу жайды иштеткен жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

9 Жетинин айы 201914:34 Бишкек Govori.TV

“Антошка” тез тамактануучу  жайды ижарага алып иштеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 56 жаштагы К. А. болгон.

8-ноябрда орун алган өрт кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 261-берене (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тез тамактануучу жайды иштеткен жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылып, соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды, — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, кечээ,  8-ноябрда “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаган.

Количество просмотров: 232