• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Тик учак кырсыгында каза болгон Жайыл Самудинов акыркы сапарга узатылды

19 Үчтүн айы 202411:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда Бишкекте тик учак кырсыгында каза болгон Жайыл Самудинов акыркы сапарга узатылды.

Маалым болгондой, Жайыл Самудинов 24-февралда 30га чыкмак. Ал 2018-жылы Орусиянын Самара облусундагы Сызрань шаарында жайгашкан аскердик-авиациялык окуу жайын аяктаган.

Үч бир туугандын улуусу болгон Самудинов жазында үйлөнөм деп турганын жакындары айтып берген. Соңку кезде Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Достук кичирайонуна жакын жердеги машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, экипаждын командири, капитан Жайыл Самудинов курман болду. Ал болгону 29 жашта эле.

Маркумдун артында ата-энеси, карындашы, иниси калды.

Количество просмотров: 550