• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Тик учак кырсыгында каза болгон Жайыл Самудиновдун сөөгү эртең жерге берилет

18 Үчтүн айы 202418:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында тик учак кырсыгында каза болгон Жайыл Самудиновдун сөөгү эртең, 19-январда жерге берилет. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалым болгондой, Жайыл Самудинов 24-февралда 30га чыкмак. Ал 2018-жылы Орусиянын Самара облусундагы Сызрань шаарында жайгашкан аскердик-авиациялык окуу жайын аяктаган.

Үч бир туугандын улуусу болгон Самудинов жазында үйлөнөм деп турганын жакындары айтып берген.

Маркумдун артында ата-энеси, карындашы, иниси калды.

Количество просмотров: 1696