• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы айтылды

5 Кулжа 2021 10:52 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда авариялык абалда конгон тик учактан өрт чыгып, андагы 14 жабырлануучу Ош облустук бириккен ооруканасына медициналык тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен ар түрдүү деңгээлдеги күйүк алган 5 жабырлануучу күйүк бөлүмүнө, бирөө травматологияга, 3 адам нейрохирургияга жаткырылды.

«Бир жабырлануучунун абалы оор, төрт жабырлануучу орто оордукта, дагы төртөө салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калган 5 жабырлануучу биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аскердик госпиталга жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 5-июнда Куралдуу Күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы Ош облусунун Ноокат районуна авариялык абалда конгон. Тик учак жерге катуу конгону үчүн техникадан өрт чыккан.

Количество просмотров: 381