Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Тилек Токтогазиевге айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары кызматы сунушталууда. Бул тууралуу жаш ишкер социалдык баракчасында жазган. Көп өтпөй жаш ишке «5-каналда» болгон көрсөтүүдөн бул сунуштан баш тартаарын айтты.
«5 жыл министрликте орун басар болуп иштеп реформа кыла албаган адамдын кол алдына кызматка барбайм»,-деди Токтогазиев.
Эскерте кетсек, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кеткенден кийин жаш ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин сунуштап, министрликти реформалоонун жолун биле турганын билдирип чыккан.
Жогоку Кеңештеги «Бир бол» фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык баракчасында Токтогазиевди колдой турганын билдирип, «Бир бол» фракциясы анын талапкерлигин сунуштай турганын айткан.
Бирок, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, министрлик кызматка айыл чарба министринин орун басары болуп келген Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштаган. Кечээ, ал сунушту тармактык комитет колдоп берсе, бүгүн Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактырды.