• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болду

21 Тогуздун айы 202019:15 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматына жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин депутаттары жактырды. 21-октябрда болгон жыйында депутаттар Токтогазиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.

Буга чейин министр Эркинбек Чодуев өз арызынын негизинде кызматтан кеткени кабарланган.

Токтогазиевдин талапкерлигин бул кызматка 2019-жылдын май айында да Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы көрсөткөн болчу. 29 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев «Жашыл чарба» аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү катары белгилүү.

Количество просмотров: 506