• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Тилиңди жутуп алдыңбы?». Текебаев журналисттин суроосуна ачууланды (видео)

9 Үчтүн айы 2020 19:07 Бишкек Govori.TV

Өмүрбек Текебаев жаңы мандат алып депутаттыкка аттанган Нурбек Сыдыгалиевдин «Текебаев айтып жаткан Шыкмаматов экөөбүздүн эч кандай келишимибиз жок болчу» деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, журналистке ачууланды. Бул тууралуу Эркин Маалымат ютуб каналы кабарлады.

Текебаев Алмамбет Шыкмаматовду акыркы жолу туулган күнүндө көргөнүн айтып, «соттолуп кетсем сен лидер болосуң» деп айтканын эстеди. Ал эми Сыдыгалиев менен Шыкмаматов экөөнүн ортосунда берилген убадалар чын экенин, “мага жалган айткандын эч зарылчылыгы жок” деп билдирди.

Ошондой эле Сыдыгалиевдин деңгээлине түшкүм келген эмес эле деген Өмүрбек Текебаев, журналисттин суроолоруна эмоционалдуу жооп берип жатып, журналистке сөөмөй кеседи.

Эске салсак, буга чейин Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматовду сүйлөшүлгөн боюнча мандатын Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүп берди деп билдирүү жасаган. Ал эми Сыдыгалиев өзү болсо Шыкмаматов менен эч кандай мандат тууралуу сүйлөшүү жүрбөгөнүн айтып чыккан эле.

Количество просмотров: 287