Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.
ЖКнын депутаты Зарылбек Рысалиев реанимациядан палатага которулду. Бул тууралуу Govori.TVга президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк тастыктады.
Анын айтымында, абалы салыштырмалуу оор.
«Ал кадимки палатага 12-июнь күнү которулган. Бирок кан басымы турукташа элек, азыркыга чейин сөздөрү түшүнүксүз болуп, тили калыбына келе элек»,-деп билдирди дарыгер.
Эске салсак, Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылып, ИИМден чыккандан кийин ооруканага түшүп калган.